Акжолтой Канатбек уулу: факты о жизни и творчестве талантливого акына
Төкмө акын Майра Керим кызынын кичүү уулу Акжолтой Канат уулу жол кырсыгынан көз жумду. Каргашадан жанындагы келинчеги, дагы эки жигиттин каза тапканы маалым болду. Апасынан калган өнөрдү улап, айтыштарга катышып алдыңкы орундарды багынтып жүргөн акын жигит тууралуу фактылар топтолду.
Биография жана үй-бүлөсү
Акжолтой Канат уулу 1993-жылы 20-майда Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Ак-Сай айылында төрөлгөн. Ал үйдүн кичүүсү болчу. Апасы Майра Керим кызы атактуу төкмө акын, обончу, аткаруучу эле. Бирок ал 2009-жылы оор илдеттен көз жумган.
Майра Керим кызынын улуту казак болгон, бирок Канат Байышов аттуу кыргыз жигитине ашык болуп калып, мекенин таштап Кыргызстанга келин болгон. Акжолтойдун эжеси менен агасы Казакстанда турары айтылды.
Көп кырдуу талант
Акжолтой Канатбек уулу төкмө акын эле эмес, ырчы, актер дагы болчу. Ал театралдык окуу жайды аяктап, Чыңгыз Айтматов атындагы орус драма театрында штаттан тышкары актер болуп иштечү. Сахнада ал төмөнкүдөй жетишкендиктерге ээ болгон:
- «Демон» спектаклинде башкы ролдордун бирин аткарган;
- Режиссер Сүйүн Откеевдин «Кыялкечтер» тасмасында башкы ролду ойноп жаткан;
- Раймаалы деген каймана ат менен сахнага чыгууга камынып жүргөн;
- Апасынын тилеги болгон «Айым айтыш» коомдук фондун жандандырууну пландаган.
Трагедиянын чоо-жайы
Акжолтой Канат уулу 11-ноябрга караган түнү Балыкчыдан Кочкор районун көздөй баратып жол кырсыгына кабылган. Ал отурган машина жүк ташуучу унаа менен кагышып, алдына кирип кеткен. Мунун кесепетинен Акжолтой, жубайы жана дагы эки жигит каза болгон. Төкмө акын сүйүктүүсүнө баш кошконуна 2-3 ай гана болгон эле. Келинчеги Изард 24 жашта болчу.
Унаадагылар Тоң районуна тойго барышкан. Ал жактан чыгып Кочкордогу дагы бир жакшылыкка барышмак. Кырсыкка чейин алар акыркы жолу өздөрүн видеого тартып, ырдап соцтармакка жүктөшкөн.
Кыскача маалымат
| Толук аты-жөнү | Акжолтой Канатбек уулу |
| Туулган жылы | 20-май, 1993-жыл |
| Өнөрү | Төкмө акын, актер, ырчы |
| Билими | Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайы, театралдык окуу жай |